12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: ЫКМАСЫ ЖАНА ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Кыргызстандын билим берүү системасында жүрүп жаткан реформалардын негизинде 12 жылдык мектепке өтүү процесси башталды. Бул өзгөрүүлөрдүн маанилүү бөлүгү катары 2025-2026-окуу жылынан тартып 5-класстар интеграцияланган программа боюнча билим ала баштады. Программанын негизги өзгөчөлүгү – окуучулар бир окуу жылында 5-6-класстын материалдарын өздөштүрүп, кийинки жылы түз эле 7-класска өтөт. Булар  7-класска келгенде  6-класстын айрым негизги темаларын тереңдетип окушат.

Интеграцияланган мазмуну, психологиялык өзгөчөлүгү жана жаңы окуу ыкмалары

Агартуу министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун башкы директорунун академиялык иштер боюнча орун басары Жаркын Укеева бул процесс педагогдордон жаңыча мамиле талап кыларын жана бир катар өзгөчөлүктөрдү жаратаарын айтты.

— Бул процесс педагогдордон жаңыча мамиле талап кылат жана бир катар өзгөчөлүктөрдү жаратат. Интеграцияланган мазмуну жана жаңы окуу китептерине токтолсок, программада кайталанган темалар кыскартылып, негизги  түшүнүктөрдү өздөштүрүүгө басым жасалат. Математика жана табият таануу сабактарында колдонулуп жаткан жаңы окуу китептери билимди факт түрүндө берүү менен чектелбестен, окуучуларды изилдөөгө, логикалык ой жүгүртүүгө жана практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга багыттайт. Дагы бир өзгөчөлүгү — окутуунун жаңы ыкмалары колдонулуп жатканында. Жаңы программаны ишке ашырууда окутуунун жаңы ыкмалары өзгөчө орунга ээ. Айтсак, математика сабагында  “КГА” — конкреттүү-графикалык-абстракттуу ыкмасы колдонулат. Мында окуучулар алгач конкреттүү буюмдар менен иштешет, кийин моделдер аркылуу түшүнүктөрдү визуалдаштырат, чиймесин чийишет, акырында символдор жана формулалар менен иштөөгө өтүшөт. Табият таануу предметинде мугалим 5 Е модели боюнча сабактарды пландаштырып, багыт берет. Окуучулар топтордо изилдөө иштерин жүргүзүшөт, илимий түшүнүктөргө ээ болуп, тереңдетиш үчүн өз алдынча тапшырмаларды аткарышып, өздөрү жыйынтык чыгарышат, баалашат. Бул ыкмалар окуучуларды активдүү ой жүгүртүүгө, өз алдынча изилдөөгө жана командалык ишке үйрөтөт.

Психологиялык өзгөчөлүктөрү да өзгөчө орунду ээлеп жатканын баса белгилеп кетким келет. Биз ага өтө кылдат мамиле жасашыбыз керек. Анткени башталгыч баскычтан ортоңку баскычка өтүү балдар үчүн чоң өзгөрүү болуп саналат. Бир жыл ичинде материалдын көлөмү көбөйгөндүктөн, окуучуларда стресске кабылуу коркунучу жаралат, андыктан мотивацияны үзгүлтүксүз колдоо зарыл. Мугалимдер ар бир окуучунун жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алып иштеши керек. Демек, бул баскычта окуучуларды психологиялык жактан колдоо, жетишкендиктерин белгилеп кубаттоо абдан маанилүү.

Мугалимдер үчүн дагы бир маанилүү жагы бул  — уюштуруучулук жагы. Мында алар жаңычыл методдорду — долбоордук иштерди, оюн элементтерин, топтук тапшырмаларды колдонуп, санариптик платформаларды окуу процессине интеграциялоого,  ата-энелер менен үзгүлтүксүз байланыш жүргүзүүгө жана формативдик баалоо системасын кеңири колдонууга басым жасоого тийиш.

Жыйынтыктап айта турган болсок, 5-класстарды окутуунун өзгөчөлүгү — бул темптин ыкчамдыгы, мазмундун интеграциясы, жаңы окуу китептеринин колдонулушу жана жаңы ыкмалар. Бул өзгөрүүлөр мугалимдерден кесипкөйлүктү жана жаңычылдыкты талап кылат. Эгер мугалим, ата-эне жана окуучу үчөөнүн өз ара кызматташтыгы камсыздалса, 5-класстын интеграцияланган программасы балдардын билим сапатын жогорулатып, аларды 7-класска ишенимдүү даярдайт.

Жаңы модель менен окутууга мугалимдердин, окуучулардын, ата-энелердин пикирлери тууралуу Нарын районунун Он-Арча айылындагы Ж.Иманалиев атындагы мектептин математика мугалими Чолпонбай кызы Гүльнура мына буларды айтып берди.

— Бүгүнкү күндө билим берүү системасы реформаланып, Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө өттү. Бул өзгөрүү өзгөчө 5-класстын окуучуларына жана алардын ата-энелерине түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. 5-класстын окуучулары окутуунун жаңы моделине толук кандуу өткөн алгачкы толкун десек болот. Алар үчүн жаңы окуу программалары, STEM багытындагы сабактар жана жаңы методдор кызыктуу болууда. Арийне, алгачкы учурда кыйынчылыктар жаралганы жашыруун эмес. Көптөгөн окуучулар жаңы форматтагы сабактардан кубаныч алышса, айрымдары көнгөн режимден алыстагандыктан, адаптация жараянына убакыт керек болууда. Менин окуучуларым “Сабактар кызыктуу өтүп жатат”, “Компьютер менен көбүрөөк иштейбиз”, “Мектептеги иштер практикага жакын болуп калды” деген сыяктуу пикирлерди айтышууда. Бирок ошол эле учурда китептердин колубузга тийе элеги бизге кыйынчылык жаратып жатат деп жатышат. Чындыгында китептердин жоктугу мугалимдер үчүн да окуучулар үчүн да кыйынчылык жаратууда. Ата-энелердин пикири да ар түрдүү болууда. Алсак, 5-класстын окуучусунун апасы “Башында программа оор болуп калабы деп коркуп жаткам. Азыр кызым кызыгуу менен окуп жатат, ага STEM сабактар жагат экен. Жаңы система жаман эмес” деген пикирин билдирсе, дагы бир окуучумдун атасы: “Мурунку 11 жылдык жакшы болчу, эми 12 жылда окуп деле кандай айырма болот деп ойлойм. Бирок, методика жаңыланганы жакшы көрүнөт” деген оюн билдирди. Ал эми бир чети өзү мугалим жана ата-эне Гүлмира: “Биз биринчи кезекте балдарыбыздын келечегин ойлошубуз керек, балдарыбыз заманбап билим алсын десек, заманбап билим берүүгө өтүшүбүз керек. Мугалим катары да, эне катары да колдойм” дейт. 12 жылдык билим берүү системасына өтүү — узак мөөнөттүү жана маанилүү жараян. Бул этапта 5-класстын окуучулары жаңы методдорду кабыл алып, келечекке даярдалып жатышат. Ал эми ата-энелер менен мугалимдер бул жолдо аларга колдоо көрсөтүп, балдардын билим сапатын жогорулатууга салым кошушу керек.

 Бишкек шаарындагы №66 мектептин биология мугалими Азима Амангелдиева жаңы киргизилген илим таануу сабагы окуучуларга кандай таасир этип жатканы, мугалимдердин пикирлери менен бөлүштү.

— Мугалим катары быйыл 5-классты окутуп жатып, өзгөчө “Илим таануу” сабагында балдардын көз карашы кандайча өзгөрүп жатканын, кандай суроолорду берип, кандайча ойлонуп жатышканын күн сайын көрүп турам. Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүп, балдарга эрте курактан илимий багыт берүү максаты белгиленген. Бул максат туура, заман талабына шайкеш. Бирок бул жол оңой эмес. Айрыкча, 5-класстын окуучулары үчүн бир эле жылда 5 жана 6-класстын программасын бириктирип окуу — чоң жоопкерчилик. Аларга бул сабак кээде оор, түшүнүксүз сезилиши мүмкүн. Бирок ошол эле учурда — бул мүмкүнчүлүк! Биз мугалимдер үчүн болсо — чоң милдет жана татыктуу ишеним. Окутуу моделинин негизги өзгөчөлүктөрү — бул предметтерди интеграциялоо, компетенцияга негизделген окутуу, окуучунун изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана практикага багытталган билим берүү. “Илим таануу” сабагы — бул табигый илимдерге болгон алгачкы кадам. Анын ичинде биология, физика, география жана химия сыяктуу илимдерден баштапкы түшүнүктөр берилет. Окуучу айлана-чөйрөсүн изилдөөгө, байкоо жүргүзүүгө, себеп-натыйжаларды аныктоого үйрөнөт. Бул жөндөмдөр кийинчерээк жогорку класстардагы татаал илимий түшүнүктөрдү кабылдоого бекем негиз болуп берет. Жаңы модель окуучуга жөн гана теорияны эмес, аны жашоодо колдонуу көндүмдөрүн үйрөтүүгө багытталган.

Мугалим катары байкагандарым: Ооба алгачкы этабында окуучулар үчүн да, мугалимдер үчүн да темалар оор сезилип, окуучуларда түшүнбөстүктөр жаралган учурлар болду. Бирок туура ыкма, жөнөкөйлөтүлгөн түшүндүрмө, визуалдык материалдар жана практикалык иштер аркылуу окуучулар акырындап көнүп, өз алдынча ойлонууга үйрөнүп жатышат. Окуучулардын кээ бирлери материалды түшүнбөй жатышат, кээ бири изилдөөгө жетише албай, жөн гана жаттап алууга мажбур болушууда. Ошол эле учурда айрым окуучулар эксперименттерден ырахат алып, өз алдынча изилдөө жүргүзө баштады.  Ошондой эле ата-энелер арасында кооптонуулар болуп жатканы да жашыруун эмес. Ооба, жаңы программа оорураак сезилиши мүмкүн, бирок балдар акырындап көнөт, андыктан балдарга ишенели. Эң башкысы — биз, мугалимдер жана ата-энелер, бир максатта иш алып барып, балага моралдык жана психологиялык жактан колдоо көрсөтүшүбүз керек.

Жыйынтыктап айтканда, “Илим таануу” сабагы — бул жөн эле сабак эмес, бул — окуучунун дүйнө таанымын кеңейткен, илимге болгон кызыгуусун ойготкон, изилдөөчүлүккө жетелеген абдан маанилүү предмет. Окутуунун жаңы модели аркылуу биз балдарга келечекте өз алдынча ой жүгүртө алган, илимий негизде чечим кабыл алган жаран болууга багыт берип жатабыз. Бул — бүгүнкү күндүн мугалимине жүктөлгөн чоң жоопкерчилик жана ошол эле учурда сыймыктуу иш.