Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

               Билим казынасы , алтын уябыз  №4 орто мектеби 1971-жылы 11-ноябрда салтанаттуу түрдө ачылып, бизге окшогон өз окуучуларын кабыл ала баштаган.  Совет мамлекетинин негиздөөчүсү Владимир  Ильич  Лениндин  100 жылдык урматына анын ысымы ыйгарылып,  жаш жеткинчектерге билим жана тарбия бере баштаган.  35 жыл Владимир Ильич  Ленин атындагы орто мектеби деп аталып, 2006-жылдын 1-мартынан баштап 24-чакырылыштагы Нарын шаардык Кеңешинин 11-сессиясынын № 9 токтому менен мектебибиздин аты өзгөртүлүп, Кыргыз Эл акыны Эсенгул Ибраевдин ысымы  берилген.

                 Мектеп тарыхынын башатында алгачкы жетекчилик озуйпасын 1971-1972-жылы Мажен Ошуракунов агайыбыз баштаган.

                 _ 1972-1975-жылдары  Конокбай Жанбоев 

                 _ 1976-1979-жылдары  Жаманак Байсынов

                 _ 1979-1981-жылдары  Клим Ходжанов 

                 _ 1981-1982-жылдары Нарынбай Төлөкбаев

                 _ 1983-1987-жылдары Гүлай Жандралиева

                 _ 1983-1987-жылдары Шакен Мамбеталиева   аттуу жетекчилер эмгек өтөп келишсе, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында 

                 _1989-1992-жылдары  Карыбек Мамбетжанов

                 _ 1992-1998-жылдары Эсентур Омүралиев 

                 _ 1999-2018-жылдары Токтогон Качкымбаев 

                 _ 2018-2019-жылдары Алмазбек Осмокеев 

                 _ 2019-жылдан бери Керимбаева Аида Абитовна жетектеп келүүдө.

                50 жылдын ичинде алтын уябызды 4000 ге жакын бүтүрүүчү аяктап, орто билимге ээ болушса, алардын 25  бүтүрүүчүсү алтын медаль ээси  болушкан. Бүтүрүүчүлөрүбүз бүгүнкү күну мекенибизде жана чет өлкөлөрдө ар кыл тармактарда үзүрлүү эмгектенип келишет. Алардын айрымдарын атай кетсек:

               Учурунда Жогорку Кеңештин депутаты болгон Карганбек Самаков, Мамлекеттик жогорку кызматтарда  Данияр Нарынбаев, Турсунбек Акунов, Философия илиминин докторлору Жолдош Сыдыков, Эдилбек Молдоев, тарых илиминин кандидаты К. Конокбаев, педагогика илиминин кандидаты О.Касымалиев, тил илиминин кандидаты Нарынкүл Чоробаева, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Асель Турдалиева сыяктуу инсандар мектебибиздин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү болуп саналышат.

               Мектепте көптөгөгөн жылдар узүрлүү эмгек өтөп, жаш муундарга билим жана тарбияны талбай берип иш тажрыйбаларын калтырып кеткен дасыккан мугалимдер катары Төлөн Шакиров, Бахрам Алиева, Раиса Монахова, Валентина Молодкина, Зинаида Боброва, Айгул Көккөзова, Майраш Арпачиева, Айгул Шакирова, Жаңыл Жупкаева, Созул Жусуналиева, Токтомуш Касымов, Бурул Акышбековна, Гулия Бакубаева, Гуля Алаева, Батый Давлетбекова, Абдыжапар Сагынов, Сүйүндүк Сулайманов, Акжолтой Алмерекова, Жүзүмкан Мамырканова, Андрей Тархов, Айша Назаркулова, Жекен Рыскелдиева, Валентина Бондарева, Валентина Уварова, Күлүмкан Касымалиева, Татты Малчиева, Айман Омуралиев, Калыс Маралбаев, Майраш Айтакуновалар эмгектенишкен.                      

               Учурда мектебибизде 950 окуучуга 60 мугалим билим, тарбия берип келишет. Алардын ичинен       мугалим  «Билим беруунун мыктысы төш белгисинин» ээлери . Насаатчы мугалимдерибиздин катарында Нарынкүл Ильясовна, Жылкычы Калдыбаев, Арабкан Аттокурова, Айнагул Мокелеңова, Света Төрөбековна, Бактыгүл Жумабаева, Айгүл Муңайтпасова, Анара Койлубаева, Алпамыш Чекиров, Жыпара Айдаралиева, Ишенбек Боромбаев, Дамира Мамбетисаева, Роза Жунусовна жаш мугалимдерге тажрыйбаларын бөлүшүп эмгектенип келишет. Өрнөктүү, ары түйшүктүү иште улуу көчтү улап, бир канча мугалимдерибиз мектеп окуучуларынын шаардык, областтык, республикалык олимпиадаларына даярдап, окуучулары менен бирдикте мектебибиздин намысын коргоп, жеңүүчүлөрдөн болуп келишкендердин катарында;

               _ Койлубаева Анара эжебиз окуучусу Эсенбекова Элнура областта 1-орунду,

               _ Айдаралиева Жыпара окуучусу Майрамбеков Аслан республикада 1- орунду,

               _ Мокелеңова Айнагул окуучусу Аскарбек кызы Мээрим областта 2-орунду,

               _ Арпачиева Кенжеайым окуучусу Бердибек кызы Гулжан шаарда 1-орунду,

               _ Асанова Динара  окуучусу Жыргалбек кызы Ажара областта 1-орунду,

               _ Мамбеталиева Гулзат окуучусу Максатбекова Жанна областта 2-орунду ээлеп, алар менен   сыймыктанып келебиз.

                 2021-жылдын 11-ноябрында мектебибиздин ачылышына туптуура 50 жыл толду. Жарым кылымдык тарыхты басып өткөн мектебибиз заманыбыздын агымы менен тен жарышып, дагы далай мааракелерди өткөрүп, арышын кенен таштап, жаш жеткинчектерге талбай билим жана тарбия берип,  турмуш жолуна узатып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымын кошо бермекчи.

Ак жол, сага мектебим!

 

Эмблема

Биз жөнүндө

Видение школы

Каждый выпускник будет обладать знаниями и навыками XXI  века, ценностями нашей школы, чтобы способствовать развитию Кыргызстана

 

Миссия школы

Повышения качества образования через создание инновационной образовательной среды

Девиз школы

Высокое качества и лидерство в образовании

Ценности

  • патриотизм
  • благополучие(здоровье, культура, счастье)
  • уважение
  • открытость
  • ответственность
  • честность
  • прозрачность
  • обучение на протяжении всей жизни
  • самомознание