Ички тартиби

Э.Ибраев атындагы жалпы орто билим берүүчү №4 мектебинин

ички  эмгек  тартиби

  1. Жалпы Жобо

1.1.Мектептин  Ички  эмгек  тартибинин  эрежелери  (мындан  ары-Эреже)  бирдиктүү эмгек  тартибин белгилейт.

1.2.Эрежелер Кыргыз  Республикасынын ”Билим  берүү жөнүндөгү”, «Мугалимдин статусу жѳнүндѳгү»  мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2011  жылдын 12-сентябрындагы №541 токтому менен бекитилген « Жалпы билим  берүү  уюму жѳнүндѳ»  типтүү  Жобого, мектептин  Уставына ылайык иштелип чыкты

  1. Эрежелердин максаты:

2.1. Иштин  натыйжалуу  жүрүшүнө шарт  түзүү,  жумуш  убактысын  рационалдуу  пайдалануу  жана эмгек  тартибин  жөнгө салуу;

2.2.  Мектепте  саясий  уюмдарды, партияларды, диний  уюмдарды түзүүгө жол берилбейт.

2.3.  Мектеп менен уюмдаштыруучулардын ортосундагы мамиле түзүлгѳн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде аныкталат. Окуучулар менен алардын ата-энелеринин ортосундагы мамиле Уставдын негизинде жѳнгѳ салынат.

2.4.  Окуучуларды медициналык кароодон ѳткѳрүүгѳ мектеп тиешелүү шарт түзүп берет.Сааламаттык сактоо мекемелери тарабынан ар бир баланын ден соолук баракчалары толтурулат, класстык журналдарга жазылат.

2.5.  Башталгыч класстын окуучуларын мыйзамда каралган ченемде тамактанууну капмсыз кылууга ѳз алдынча орун берилет

  1. Укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги

3.1. Мектепте ички мамиле педагогикалыки кызматкерлер менен окуучулардын ортосунда адамдык ар намысты татыктуу урматтону колдоо негизинде жүргүзүлѳт. Мугалимдер тарабынан күч менен моралдык зомбулук колдонууга тыюу салынат.

3.2.Мектеп окуучуларынын, алардын ата-энелеринин жана педагогикалык кызматкерлердин укуктары, милдеттери мыйзамдын чегинде жүргүзүлѳт 3.3. Окуу процесси окуучулардын, ата-энелердин Конституциялык укугунун негизинде тандап алган мамалекеттик же расмий тилде окутуу жүргүзүлгѳн класстарда ишке ашырылат.

3.4. Мектепке окуган окуучулар тѳмѳндѳгүлѳргѳ

УКУКТУУ:

  • Мамлекеттик стандарттын негизинде акысыз баштапкы, негизги, жалпы билим алууга;
  • Китепкана фондусунун адабий-кѳркѳм китептерин акысыз пайдаланууга;
  • Кошумча акы тѳлѳп билим алууга ;
  • Мектептеги ѳзүн-ѳзү башкаруу иштерине катышууга;
  • Мектепте окуу-тарбия иштери боюнча ѳткѳрүлгѳн иш-чараларга катышууга;
  • Ѳз кѳз краш-ынанымдарын эркин билдирүүгѳ;

МИЛДЕТҮҮ:

  • Билим берүү уюмунун ички тартип эрежелерин сактоого;
  • Улуттук каада-салттарды урматтоого:
  • Атайын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле мектептин жалпы чогулушу тарабынан бекитилген же сунушталган мектеп формасында, таза жана  тыкан кийимде  келүүгө  (дене тарбия сабактарында   спорттук  форманы    колдонуу);
  • Мектепке сабак башталардан  15 мүнөт  эрте  келгенге;
  • Өзүнүн окуу орундугун жана  окууга  керектүү куралдарын  сабакка  даярдоого;
  • Мектепте жана мектептен тышкары  жерлерде  өзүн    маданияттуу  алып жүрүү;мектептин  ички тартибине  ылайык  жүрүм-турум  эрежелерин  сактоого   (окуу процессин  бузбоо, сабактарга  ар дайым  даяр  болуу,  сабактарга  кечикпөө,класс  жана мектеп  турмушуна  катышуу,сабак  учурунда  телефон  колдонбоого);
  • Мектептин эмеректерине аяр мамиле кылууга  .
  • Мугалим берген тапшырманы ѳз  убагында, так  аткарууга, жоопкерчиликтүү мамиле  кылууга;

3.5. Окуучуларга тыюу салынат:

  • Мугалимдин уруксатысыз сабак  учурунда  мектептен    кетүүгө;
  • Спорттук , маданияттык жана  класстан тышкаркы  иш-чараларды  таштап кетүүгө;
  • Кооптуу абалды пайда  кылуучу  иш-аракеттерди кылууга  (  терезеге  , партанын үстүнө чыгып ойноого,  ар кандай күйүүчу  , жарылуучу  заттарды  кодонууга:
  • Ден соолукка зыян келтирүүчү заттарды, препараттарды, суусундуктарды колдонууга (алкоголь,  наркотиктер, токсиндер, амфетаминдер, тамеки ж.б.);
  • Адамдын өмурунө жана ден соолугуна зыян алып келүүчу  заттарды  пайдаланууга; (пистолет, бычак, мылтык, кастет  ж.б.)
  • Мектепте психо-активдүү заттарды колдонууга  (  насвай,  тамеки, алкоголдук  жана энергетикалык  ичимдиктер)
  • Орой, сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга;
  • Ар кандай диний агымдарды жайылтууга;
  • Азарттык оюндарды ж.б. адамдын өмурүнө жана  психологиясына  терс  таасир этүүчү оюндарды  ойноого;
  • Сабак учурунда уюлдук телефондорду  колдонууга;
  • Сабактарды себеби жок  калтырууга  тыюу  салынат.

3.6. Мектеп  буюмдарынын  жана  окуу  куралдарынын  сакталышы

  • Бардык окуучулар мектеп буюмдарын сактоого милдеттүү, өз буюмдарына этияттык менен  мамиле  кылуусу  зарыл;
  • Окуучунун күнөөсү менен буюмдар бузулса, ата-энелери толугу  менен ордуна  коюусу , же  түзөтүүсү керек;
  • Окуучулар мектептин территориясына жашыл  дарактарды  отургузууга  жана  сактоого көмөк  көрсөтөтүүсү керек;
  • Окуу куралдары, китептер, окуучулардын күндөлүктөрү тыкандыкта болуусу  керек; 6.5.Бүт  окуучулар окуу  куралдарын сактоосу  керек.  
  • Китептин барактарды жулуп же бүктөбөш керек, китепке  жазууга,  же  сүрөт  тартууга болбойт;

3.7. Ата-энелердин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) укуктары:

  • Балдарды билим алуудагы окуп жаткан тилин тандап алууга;
  • Баланы окутуунун кайсы этабында болбосун окуусун улантуу үчүн билим берүү уюмдарына жиберүүгѳ;

3.8. Ата-энелердин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) укуктары:

  • Мектептин уставын аткарууга;
  • Мектепте ата-энелер чогулушуна катышууга;
  • Мектептин мүлкүнѳ баласынын аяр мамиле кылышына үйрѳтүүгѳ;
  • Мектеп менен кызматташтыкты колдоого;
  • Мектептен сырткары убактарда (каникулда, түнкү убакта, башка кошумча билим берүү мекемелеринде жүргѳн убактарда) балдардын ден соолук, жол, ѳмүр коопсуздуктарына, жүрүм-турумдарына жооптуу болууга;

3.9. Педагогикалык кызматкерлер аткарууга тийиш:

  • Педагогдор тиешелүү мүнѳзгѳ ээ болууга;
  • Мектептин Уставын, «Ички эмгек тартиюбин» аткарууга
  • Мектепте тартипти колдоо менен балдарга зордук-зомбулукаракетин колдонбоого;
  • Медициналык кароодон ѳтүүгѳ;

3.10.Мектепте иштеген мугалимдер тѳмѳнкүлѳргѳ укуктуу:

  • Педагогикалык ишти уюштуруунун усулдары менен түрлѳрүн талдоого;
  • Мектептин педагогикалык Кенешине катышууга;
  • Мектептин ички тартип эрежесин талкуулоого кабыл алууга, аткарууга;
  1. ОКУУ ПРОЦЕССИН АНЫН ИЧИНДЕ ОКУТУУНУН ЖАНА ТАРБИЯЛООНУН ТИЛИН, ОКУП ЖАТКАНДАРГА САБАК БЕРҮҮ РЕЖИМИН УЮШТУРУУ

4.1.   Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген окуу программасы боюнча мамлекеттик стандарттын негизинде мектепте билим берүү 3 баскычты камтуу менен жүргүзүлѳт: Жалпы башталгыч – 1-4-класс, жалпы негизги – 5-9-класс, жалпы орто  — 10-11-класс.

4.2.   Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген окуу программасы боюнча мамлекеттик стандарттын негизинде мектепте билим берүү 3 баскычты камтуу менен жүргүзүлѳт: Жалпы башталгыч – 1-4-класс, жалпы негизги – 5-9-класс, жалпы орто  — 10-11-класс.

4.3. Мектепте билим берүү мамлекеттик стандарттын негизинен жалпы билим берүүчү мазщмунун камтыган программа менен аныкталат.Аны мектеп ѳз алдынча иштеп чыгатжана кабыл алат, ишке ашырат.

4.4.Окуу процессинин жүргүзүлүшүндѳ мектептин жылдык, календарлык пландарын, иштѳѳ графиги, расписаниелер түзүлѳт;

4.5.Окуучулардын билими «5» баллдык система менен бааланат. Ар бир предмет боюнча чейректеги баалар окуучунун жѳндѳмүнѳ жараша чыгарылып турат.

4.6. Ар бир окуу жылынын узактыгы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бекиткен окуу планынын негизинде жүргүзүлѳт. 1 жыл ичинде 1-класстар 33 жума, 2-11 класстар 34 жума окушат. Окуу жылынын ичинде каникулдун узактыгы 30 календарлык  күндү түзѳт, жайкы каникул 8 жумадан кѳп, 1-класстын окуучуларына жыл ичинде кошумча 1 жумалык каникул берилет.

4.7.Мектеп окутуунун Билим берүү стандартына ылайык жүргүзүлѳт.

4.8.Окутуу күндүз, эки тилде: кыргыз жана орус тилдерине жүргүзүлѳт.

4.9.Мектеп окуу-тарбия ишин ѳнүктүрүүнүн келечеги үчүн жаңы технологияларды колдонуу менен окутуунун активдүү формаларын ѳркүндѳтүп, чыгармачыл, ѳзгѳчѳ зээндүү, таланттуу окуучулар менен иштѳѳ, чыгармачыл мугалимдердин ѳздүк демилгелерин колдойт.

4.10.Мектепте окутуу 2 сменада жүргүзүлѳт. 1-смена саат 8:00 башталат. 2-смена 13:15 башталат. Сменалардын убактысы жыл мезгилине жана аба ырайына жараша ѳзгѳртүлүшү мүмкүн.

4.11.Сабактардын узактыгы 1-класстар үчүн 40 минута, 2-11-класстар үчүн 45 минутаны түзѳт.

 

Эрежелер Кыргыз  Республикасынын ”Билим  берүү жөнүндөгү”, «Мугалимдин статусу жѳнүндѳгү»  мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2011  жылдын 12-сентябрындагы №541 токтому менен бекитилген « Жалпы билим  берүү  уюму жѳнүндѳ»  типтүү  Жобого, мектептин  Уставына ылайык иштелип чыкты.

 

Нарын шаарындагы Э.Ибраев атындагы жалпы орто билим беруучу №4 мектебинин директору                                                               А.А.Керимбаева