Камкорчулук кеңеш

Кѳзѳмѳлчүлүк кеңеши деген эмне?

Кыргыз Республикасынын «Кѳзѳмѳлчүлүк кеңеши тууралуу» Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, Кѳзѳмѳлчүлүк кеңеши, юридикалык статуска ээ эмес, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте түзүлүүчү, жарандарга социалдык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү берүүчү мамлекеттик же муниципалдык мекемелерди тең башкаруу орган.

Кѳзѳмѳлчүлүк кеңеши негизги милдеттери:

  • Билим берүү процессин уюштурууга жана жакшыртууга кѳмѳк кѳрсѳтүү
  • Окуучулардын жана билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин билим ишмердүүлүгүн уюштурууга кѳмѳк кѳрсѳтүү;
  • Билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана башка кызматкелеринин жумуш шартын уюштурууга жана жакшыртууга кѳмѳк кѳрсѳтүү
  • Билим берүү уюмунун окуучуларыны, тарбиялануучуларынын жана кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылууга кѳмѳк кѳрсѳтүү
  • Билим берүү уюмунун уставдык милдеттерине жана максаттарына жюетүүсүнѳ кѳмѳк кѳрсѳтүү
  • Социалдык чѳйрѳдѳгү мекемелерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карам-каршы келбеген каржылоонун кошумча булактарын тартуу
  • Билим берүү мекемесинде ысык тамактандырууну уюштурууга, каржылоого жана кѳзѳмѳлгѳ кылууга кѳмѳк кѳрсѳтүү

Кѳзѳмѳлчүлүк кеңешине кимдер кирет?

  1. Социалдык чѳйрѳдѳгү мекемелерде же коомдук иште иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жѳндѳмдүү жарандары
  2. Ишкер чѳйрѳлѳрдүн, илимий жана билим берүү уюмдарынын, маданий жана социалдык чѳйрѳ мекемелеринин, ѳкмѳттүк эмес жана эл аралык уюмдардын ѳкүлдѳрү, коммерциалык жана коммерциалык эмес уюмдардын, студенттик жана ата-энелер бирикмелердин ѳкүлдѳрү

Кѳзѳмѳлчүлүк кеңеши милдеттүү

  • Кеңештин 1 жылдык иш планын ииштеп чыгуу жана бекитүү
  • Социалдык чѳйрѳдѳгү мекеменин ишиердүүлүгү тууралуу коомчулукка маалымат берүүдѳкѳмѳк кѳрсѳтүү
  • Кѳрсѳтүлүп жаткан социалдык кызматтардын эффективдүүлүгүнѳ талдоо жүргүзүү жана аларды жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү
  • Жыл сайын ѳз ишмердүүлүгү тууралуу отчет даярдоо социалдыек чѳйрѳнүн мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын веб-сайты жана массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка маалымат берип туруу
  • Социалдык чѳйрѳдѳгү мекемеге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каржылоонун кошумча булактарын тартуу
  • Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын талап кылуусу менен ѳз ишиердүүлүгү тууралуу отчет берүү

Кѳзѳмѳлчүлүк кеңеши укуктуу:

  • Билимберүү уюмунун жетекчисинен, зарыл болгон учурда анын жардамчысынан, педагогикалык кызматкелеринен, педагогикалык ишмердүүлүктүн абалы тууралуу маалымат алып турууга
  • Билим берүү уюмунда окуп жаткандарга, окутуу жана тарбия берүү, анын ичинде алардын ден соолугун чыңдоо жана тамактандырууну уюштуруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү боюнча билим берүү уюмунун администрациясына сунуштарды берүүгѳ
  • Билим берүү уюмунун негиздѳѳчүсүнѳ, анан ишмердүүлүгүн жана аны башкарууну жакшыртууга сунуштарды берүүгѳ, Кѳзѳмѳлчүлүк кеңешинин компитентциясына туура келүүчү башка маселердеи карап чыгууга
  • Билим берүү уюмунун ѳнүгүүсү үчүн кайрамдуулук тѳлѳмдѳр түшүп туруучу, кайрымдуулук жана башка уюмдар менен кызматташууга
  • Билим берүү уюмунун керектѳѳлѳрү үчүн юридикалык жана жеке жактардан түшкѳн кайрымдуулук жардамдар жана максаттуу каражаттардын пайдаланууса коомдук кѳзѳмѳл жүргүзүү.

    КАМКОРДУК КӨРҮҮЧҮ КЕҢЕШИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО

    Кыргыз Республикасынын Камкордук көрүүчү Кеңеши жөнүндө  ЖОБО

    (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилигинин №609/1  2013-жылдагы буйругу менен бекитилген)

    1. Жалпы жобо
    2. Камкордук көрүүчү Кеңештин милдеттери жана максаттары
    3. Камкордук көрүүчү Кеңештин функциялары
    4. Камкордук көрүүчү Кеңешти түзүү тартиби жана анын компетенциялары

    Бул Камкордук көрүүчү Кеңеш жөнүндөгү  жобо  Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мындан аркы тең башкаруунун түрүн өркүндөтүү  анын ичинде, бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу менен ага көзөмөл кылуу максатында иштелип жана кабыл алынды.

    1. Жалпы жобо
    • Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарындагы Камкордук көрүүчү Кеңеш (мындан ары – Камкордук Кеңеш) юридикалык макамы жоктугуна карабастан, жалпы билим берүү уюмдарында терең башкаруучу, билим берүү уюмдарында белгиленген максаттарга жетүү үчүн көмөк көрсөтүүчү функцияларды ишке ашыруучу, ошондой эле, кошумча (бюджеттен тышкары) каражаттарды тартуучу, алардын максаттуу колдонулуусун көзөмөлдөөчү орган.
    • Демөөрчүлүк жардам – жалпы билим берүү уюмдарынын материалдык – техникалык жана окуу  базасын колдоо үчүн юридикалык жана жеке тараптардын ыктыярдуу салымы.
    • Камкордук Кеңештин мүчөсү – кайтарымсыз негизде жалпы билим берүү уюмдарын тең башкарууда ыйгарым укукта иш жүргүзөт.
    • Камкордук Кеңешинин банктык эсеби – жалпы билим берүү уюмунун эсеби, ага демөөрчүлүк жардамдардан түшкөн каражаттар түшөт. Жалпы билим берүү уюмуна жана анын жамаатына көрсөтүлүүчү ар кандай  ыктыярдуу финансылык жардамдар аталган эсеп аркылуу жүргүзүлөт.
    1. Камкордук Кеңештин милдеттери жана максаттары.
    • Камкордук Кеңештин негизги максаты бул- билим берүү уюмунун уставдык функцияларын ишке ашыруу, материалдык-техникалык жана окуу базасын чыңдоого багытталган уюмдардын жана жеке жарандардын биргелешкен аракеттерин бириктирүү, ошондой эле жалпы билим берүү уюму тарабынан бюджеттен сырткаркы каражаттарды максаттуу колдонуусун көзөмөлдөө болуп саналат.
    • Камкордук Кеңештин негизги милдетгери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
    • демөөрчүлүк жардамдарды жана гранттарды максаттуу жана рационалдуу пайдаланууну көзөмөлдөөнү камсыз кылуу;
    • жалпы билим берүү уюмунун материаддык -техникалык жана окуу базасын чындоого, жакшыртууга, анын айлана тегерегин жана имаратын көрктөндүрүүгө көмөк көрсөтүү;
    • билим берүү процессин ишке ашыруу үчүн шарттарды жакшыртууга, окуучулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого көмөктөшүү;
    • окуучулардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
    • жалпы билим берүү уюмунун өнүгүү стратегиясын жана миссиясын аныктоого көмөктөшүү;
    1. Камкордук Кеңештин функциялары.

    3.1. Камкордук Кеңеши:

    • жалпы билим берүү уюмунун өнүгүүсүн жана ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн бюджеттен сырткаркаражаттарды тартууга көмөктөшөт;
    • жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык жамаатынын жана башка кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртууга жана уюштурууга көмөктөшөт;
    • жалпы билим берүү уюмунда конкурстарды, мелдештерди жана башка массалык мектептен тышкаркы иш чараларды уюштурууга көмөктөшөт;
    • жалпы билим берүү уюмдарынын материалдык- техникалык базасын чындоого, мектептин имаратын жана айлана тегерегин көрктөндүрүүгө;
    • жалпы билим берүү уюмунун иш аракеттеринин так иштөөсүн жогорулатууга багытталган демилгелерди талдайт жана көрсөтөт;
    • жалпы билим берүү уюмунун уставында Камкордук кеңешинин компетенциясына кирген ар кандай суроолорду карайт;